Энесай кыргыздарындагы керамика маданияты

Википедия дан

Энесай кыргыздарындагы керамика маданияты. Бул маданий катмар илимий адабияттарда атактуу «кыргыз вазалары» деген ат менен белгилүү.

Бул маданият б.з. 5-18-кк. таандык мезгилди өз кучагына камтыйт. Атактуу «кыргыз вазалары» байыркы жана орто кылымдардагы энесайлык кыргыздардын башкаруучулары (кагандары) жайгашкан Уйбат өрөөнү, Асккз ж.б. жерлерден табылган. Кыргыз вазалары өзүнүн эң жогорку сапаты, кооздугу менен айырмаланган. Аталган баалуу тарыхый эстеликтердин айрымдары Абакан (Хакасия) тарых музейинде, Тувадагы (Кызыл) Алдын Маадыр музейинде, Санкт-Петербургдагы Эрмитажда сакталып турат. Кыргыздарга таандык бул вазаларды көрүнүктүү илимпоз Л.А. Евтюхова изилдеп чыккан. Илимпоз өзү аталган кыргыз маданий эстеликтерин казууга, аларды иликтеп үйрөнүүгө жигердүү катышкан. Адистер далилдешкендей, кыргыздар вазаларды чарык түрүндөгү атайын шайманда тегеретме тасмага салып ийлешкен, андан соң түбүн жана оозун чаптап кынапташкан. Вазалар ар түрдүү формада жасалган.

Көбүнчө түбүн жалпак, тулкусун жумурткадай жумуру кылып, оозун анчалык узун чыгарбай, кууш кайрып, кырдантып жасашкан. Ошондой эле бөтөлкө түспөл, оозу кууш, шар сымактуу идиштер да кездешет. Кыргыз вазаларын цилиндр түрүндөгү мөөр баскычтарда чегедектин сүрөтүн чөгөрүп асемдешкен. Алар кычкыл ичимдиктер үчүн жасалса керек. Мындан башка кыргыздарда сомдомо керамикалар: вазалар, гөзөлөр, чөйчөктөр кеңири колдонулган. Кээде суюктук куюлуучу кумган сыяктанган идиштер жолугат, аларды кезинде көзү өткөн адамдын күлүн сала турган көрүстөн кутусу катары да пайдаланышкан. Кыргыз атка минерлери кымбат баалуу металл идиштерин, алтын карматылган, күмүш жалатылган кумураларды, чөйчөктөрдү, чөгүндөрдү жана башка идиш-аяктарды урунушкан.

Бул идиш-аяктардан кыргыз кол өнөрчүлөрү атайын чегерген эн тамга белгилерин байкоого болот. Эн тамгалар бул кол өнөрчүлүлүк буюмдары кыргыздардын кайсыл уруусунун өкүлдөрү жасагандыгын, же болбосо ал кайсыл адамдын менчигине таандык экендигин чагылдырган. «Кыргыз вазалары» деп аталган үй турмушуна керектелүүчү кол өнөр буюмдары Кыргыз каганатындагы кол өнөрчүлүк маданиятынын жогору

өнүккөндүгүн ырастайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.