Энзоотия

Википедия дан

Энзоотия (гр. еп - да, дагы, zoon - жаныбар) - эпизоотия процесстетиринин өтүшүнүн орточо күчү; чакан аймакта (фермада, чарбада) малдын анча көп эмес процентинин ылаңга чалдыгышы жана башка чарбага таралуу коркунучу чектелүү экендиги жөнүндө түшүнүк.

Кыргызстандын шартында Энзоотия түрүндө өтүүчү ыландарга кара жама, кара аксак, кежең, кутурма, листериоз, диплококкоз, сибирь кулгунасы, бруцеллёз, пастереллёз, колибактериоз, сальмонеллёз ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4