Энтероколит

Википедия дан

Энтероколит (гр. enteron - ичеги жана колит) -ичегинин сезгениши.

Ал көбүнчө энтерит (ичке ичегинин сезгениши) менен бирге болот. Энтероколиттин катуу кармаган түрү көбүнчө тамакаштан ууланганда байкалат. Энтероколит - көпчүлүк жугуштуу ичеги-карын ооруларынын (холера, ич келте, дизентерия, сарык, сальмонеллёздор, полиомиелит ж. б.) алгачкы жана негизги белгилери. Ошондой эле ал башка жугуштуу ооруларда (грипп, сепсис, пневмония ж. б.) жана аллергияда лезигүүсү мүмкүн. Энтероколит аппендицитте, панкреатитте, перитонитте да пайда болот. Анда ич катуу ооруйт, отот, курулдайт. Оорулуунун жүрөгү айланат, кусат, алсызданат, кээде эти ысыйт. Энтероколитти өз убагында толук дарылабаса, диета бузулган сайын кайталанып, өнөкөт түрүнө айланат. Карындын, боордун түрдүү оорулары (мисалы, гастрит, холецистит) Энтероколиттин узакка созулуусуна көмөктөшөт. Анда ич дайыма кооп, курулдайт, айрыкча адам сүт ичкенден же жашылча жегенден кийин ичи өтөт. Кээде Энтероколитте ичтин «катуусу» да бапкалышы мүмкүн. Энтероколитти дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Диетаны ар дайым сактоо зарыл. Оорулуунун күнүнө 5-6 жолу, аз-аздан, бир мезгилде тамактануусу талапка ылайык, майлуу, туздуу, куурулган тамактан, сүрсүгөн эттен, чийки сүттөн, ичкиликтен баш тартуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.