Энтомология

Википедия дан
курт-кумурскаларды.

Энтомология (гр. entoma - курт-кумурска жана ...логия) - зоологиянын курт-кумурскаларды изилдөөчү тармагы.

Ал курт-кумурскалардын түзүлүшүн, тиричилик аракетин, жеке өөрчүүсүн жана эволюциясын, көп түрдүүлүгүн, жер жүзүнө таралышын, айлана-чөйрө менен өз ара аракетин ж. б. изилдейт. Андан тышкары айыл чарба өсүмдүктөрүнө, токойго, зыян келтирген мите, кан соргуч, өсүмдүк, жаныбар жана адамдын оорусун козгогуч ж. б. курт-кумурскаларды изилдөөчү бөлүктөрү бар. Алар айыл чарбалык, медициналык, токой, вет. болуп бөлүнөт. Энтомологиялык изилдөөлер КРдин УИАсында, КАЧИнин, КМУнун кафедраларында жүргүзүлөт. Кыргызстанда Энтомологиянын өнүгүшүнө С. Касиев, Э. Коңурбаев, К. Ибраимова ж. б. салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4