Энтони Бёржесс

Википедия дан
Энтони Бөржесс.

Жон Энтони Бөржесс Уилсон (англ. John Anthony Burgess Wilson; 1917-жыл 25-февраль — 1993-жыл 22-ноябрь) — Энтони Бөржесс каймана аты менен эмгектерди жараткан англиялык жазуучу жана композитор болгон. Манчестердеги католик үй-бүлөдө жашоосу салыштырмалуу жупуну башталган Бөржесс жыйырманчы кылымдын экинчи жарымындагы англиялык таанымал адабий фигурага айланган.

Бөржесс басымдуу түрдө тамашалуу чыгармаларды жазса да анын "Буралма апельсин" (англ. A Clockwork Orange) аттуу дистопиялык сатирасы анын эң белгилүү романы бойдон калууда. 1971-жылы ал Стэнли Кубрик тарабынан аябай карама-каршылыктуу тасмага ылайыкташтырылып, Бөржесс бул китептин популярдуу болушунун негизги себеби болуп калганын айткан. Бөржесс "Эндерби" (англ. Enderby) төрттүгү жана "Жердин күчү" (англ. Earthly Powers) сыяктуу көптөгөн башка романдарды жазып, көпчүлүк сынчылар тарабынан анын улуу романы деп таанылган. Ал либреттолор менен сценарийлерди, анын ичинде 1977-жылдагы "Назареттик Ыйса" (англ. Jesus of Nazareth) аттуу мини телесериалга сценарий жазган. Ал The Observer жана The Guardian сыяктуу бир нече басылмаларда адабий сынчы катары эмгектенген жана классикалык жазуучулар, айрыкча Жеймс Жойс боюнча изилдөөлөрдү жазган. Ар тараптуу тилчи Бөржесс фонетика боюнча сабак берип, "Сирано де Бержерак" (англ. Cyrano de Bergerac), "Эдип падыша" (англ. Oedipus Rex) пьесаларын, "Кармен" (англ. Carmen) операсын жана башка чыгармаларды которгон.

Ошондой эле Бөржесс 250дөн ашуун музыкалык чыгармаларды жазган; ал жазган китептеринен көбүрөөк ырахат алса да кээде өзүн жазуучу болуу менен катар композитор деп да эсептээрин билдирген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]