Эон

Википедия дан

ЭОН – байыркы грек философиясынын «өмүрлүк кылым», «түбөлүктүк» деген түшүнүктөрүн билдирет, ошондой эле өмүр сүрүүнүн мезгили аспектин туюнтат. Досократиктердин фрагменттеринде эон байыркы Гомер маанисиндеги «өмүрлүк кылым» түшүнүгүн ырастап турат. Платондон тартып, эон «түбөлүктүктү» «мезгилге» каршы койгон классикалык терминге айланат. «Өмүрлүк кылым», өлбөс-өчпөс нерсеге таандык болгондуктан, ал (эон) чексиз болуп саналат жана «түбөлүктүк» түшүнүгүн туюнтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]