Эпизоотология

Википедия дан

Эпизоотология (эпизоотия жана ...логия) - ветеринария илиминин жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болушу, таралышы, басылыш мыйзам ченемин иликтөөчү жана ооруларды профилактикалоо методун, аларга каршы күрөш чараларын иштеп чыгуучу тармагы.

Жалпы Эпизоотология бардык жугуштуу ооруларга тийиштүү эпизоотиялык процесстин мыйзам ченемин аныктайт, жугуштуу ооруларды жок кылуунун жана профилактикалоонун жалпы принциптерин иштеп чыгат. Айрым Эпизоотология кээ бир жугуштуу оорулардын өзгөчөлүгүн изилдеп, аларга каршы жана профилактикалоо чараларын иштеп чыгат.

Эпизоотология микробиология, иммунология, эпидемиология, биохимия, патологиялык анатомия жана физиология, клиникалык диагностика, вет. фармакология, айыл чарба экономикасы ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта. Жугуштуу оорулардын ылаңдаткычы - микробдор ачылганга чейин эле адамдар ооруга каршы күрөшүүдө кээ бир ыкмаларды, ал тургай алдын алуучу эмдөөнү колдонушкан. А. Левенгук, Л. Пастер, Р. Кох, Д. И. Ивановскийдин илимий ачуулары Эпизоотологиянын өнүгүшүнө негиз болгон. И. И. Мечников, Л. С. Ценковский, X. И. Гельман, С. Н. Вышелесский ж. б. илимпоздор Эпизоотологияга зор салым кошушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.