Эпитафия

Википедия дан

Эпитафия – (грек. epitaphios – мүрзө жазуусу) – бейитке коюлган эстелик-таштардын бетине көп учурда ыр түрүндө жазылган жазуулар. Кыргызстанда орто кылымдардан баштап түрк тилдүү калктардын, эпитафиялары тарай баштаган. Талас жергесине таандык байыркы түрк руна сымал жазмаларындагы эпитафиялар 19-кылымдан белгилүү. 1998–2002-жылы Кочкор районуна караштуу Көксай, Бөйрөкбулак, Көкбука жергелеринен байыркы түрк калктарынын 18 руна жазуулары табылып, айрымдары эпитафия экендиги аныкталган. Мүрзө таштарында адатта маркумдун аты-жөнү, уруусу, тирүү кезиндеги кызматы, турмушундагы беделдүү окуялары, жоокерчиликтеги эрдиги, маркумдун үй-бүлөсүнүн кайгысы, ай-жылдары жазылган. Түркий калктарынын эпитафиялык эстеликтери «Байыркы түрк калктарынын мүрзө поэзиясы» деп да аталат. Эпитафиянын мындай түрлөрү Енисейде, Моңголияда кеңири учурайт. Кыргызстандагы христиан-несториан эпитафияда маркумдун өлгөн жылы, аты-жөнү тууралуу маалыматтарды камтыйт (12–14-кылым). Жылдар түрктөргө мүнөздүү 12-жылдык циклге (мүчөл) жана христиандардын жыл эсебине ылайык берилген. эпитафиялык жазмалар сирия, сиро-түрк тилдеринде жазылган. Несториан эпитафиянын саны болжол менен 700 чамасында келип, көбүнчө Чүй жергесинен учурайт. Ислам дини тарагандан баштап араб графикасы, араб тилинде жазылган эпитафиялар учурай баштаган. Эң алгачкы эпитафия Буранадан табылган (1161–62-жылы таандык). Айрым эпитафиялар күмбөздөрдүн ички бетинен кездешет.

Эстеликтин катасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Процесстин татаалдыгы таштанды үчүн жабдууларды жеткирүү жана бардык баскычтарды сапаттуу ишке ашыруу. Буга байланыштуу, жумуш башталганга чейин, эстеликти бузуу же ритуалдык эстелик орнотулган жерге керектүү шаймандарды алып келүү жөнүндө чечим кабыл алынат.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Эстеликтин катасын кантип оңдоого болот?. Текшерилген күнү 8 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 24 -июнь (кулжа) 2022.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.