Эпифора

Википедия дан

Эпифора (гр. – кошумча) – ыр жолдорунун соңундагы сөздөрдүн же сөз айкаштарынын кайра-кайра кайталанышы. Мисалы,

Жүзүмдүн тырыгына күлбө селки! 
Жадыңдан чыктыбы же согуш өртү?! 
Жүрөктө: өмүр көркү, көңүл көркү.
Бул тырык – кандуу согуш салган белги. 
Бул тырык – ал согуштан калган белги. 
Коргогом: келечекти, элди, жерди. 
Бул тырык – көлдө да бар, жерде да бар. 
Таналбайм: 
Ушул тырык менде да бар. 
  (Т. Байзаков)

Мындагы айрым кайталоолор (көркү – көркү, белги – белги, да бар – да бар – да бар) эпифораны түзүп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004