Эпицентр

Википедия дан

Эпицентр (эпи... жана лат. centrum - борбор), эпиборбор - жер титирөө очогунун борбордук чекитинен жер бетине тик чагылган проекциясы.

Бул зонада жер титирөө эң күчтүү сезилет. Анын тегерегинде сейсмдик толкундардын тыгыздыгы жана күчү максималдуу болгондуктан, ал жердеги имараттар кыйроого көп учурайт, жер кыртышы деформацияланат, к. Жер титирөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4