Эрагон

Википедия дан

"Эрагон" (англ. Eragon) - Кристофер Паолининин "Мурас" (англ. Inheritance) үчилтигинин биринчи романы. Бир жылдын ичинде Паолини романдын бүткөнгө эсептелбеген вариантын жазып чыгат, кийинки жылы ал романдын окуясын жана каармандарын кайрадан оңдоп бүтүрөт. Жазуучунун ата-энеси романдын кол жазмасын көрүп, аны 2001-жылы өздөрү басып чыгарууну чечишет. Паолини романынын популярдуулугуна өбөлгө түзүү үчүн бир жыл бою АКШда саякаттайт. Бул роман, кокустан Карл Хайасендин колуна түшүп, ал китепти кайрадан Alfred A. Knopf басмаканасы аркылуу басып чыгарат. 2003-жылдын 26-августунда китептин жаңы басылып чыккан версиясы жарыкка чыккан.

Китепте Эрагон аттуу баланын тоо арасында сырдуу ташты таап алганы баяндалат. Таштын эмне болгонун жана анын нарктыгын билбеген бала, аны касапчыга төлөм ордуна берет. Кийинчирээк Сапфира ысымга ээ болгон кичинекей ажыдаар баласы таш болуп саналган жумуртканын ичинен чыгат. Гальбаторикс падыша ажыдаар жумурткасы кайсы жерде болгонун билип, аны колго алуу үчүн артынан Ра'закты жиберет. Ошол убакытта Сапфира чоңойуп калат, ал Ра'зактын Карвахолл кыштагына келээри менен Эрагонду Спайн тоосуна алып кетет. Эрагон, Сапфира жана Бром аттуу аңгемечи туулган кыштагынан качууга аргасыз болушат, алар Гальбаторикстин бийликтен кулашын пландап жүргөн Вардендерди табууну чечишет.

Сынчылар "Эрагон" романын "Жердеңиз" (англ. Earthsea), "Ажыдаар найзасы" (англ. Dragonlance) жана "Жылдыз согуштары" (англ. Star Wars) чыгармаларына окшош богонун айтышат.Рецензенттер китепти Паолини сыйяктуу жаш жазуучунун көрүнүктүү жетишкендиги деп аташат.

2003-жылы "Эрагон" балдар үчүн жазылган эң көп сатылган катуу мукабалуу китептердин арасында үчүнчү орун ээлеген, ал эми 2005-жылы эң көп сатылган кагаз тыштуу китептердин тизмесинде экинчи болгон. Роман New York Times гезитинде 121 жума ичинде эң көп сатылган балдар китебинин тизмесине кирип, 2006-жылдын 15-декабрында тасмага адаптацияланып, бирдей аталышынын астында экранга чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]