Эралиева Каныкей

Википедия дан

Эралиева Каныкей (9. 1. 1956-ж. т., азыркы Нарын обл., Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн (Баетов) айылы) - композитор, аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1988), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2009).

1976-ж. М. Күрөнкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын баян классы боюнча аяктаган. 1976-80-ж. Чүй обл. Кант ш-дык маданият үйүндө, 1980-88-ж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын хорунда, 1988-90-ж. жеке чыгармачылыкта. 2010-жылдан М. Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында эстрада бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын «Жаны жылды тосолу», «Сезимдеги издер», «Ала-Тоо», «Апалар», «Аппак тоолор», «Бала жыты», «Айлуу түн», «Акыркы коңгуроо», «Ак чөлмок», «Бал кымыз», балдар үчүн жазган «Бөбөктөр», «Жаңы жыл жылмаят», «Күлүп кой», «Биздин бакча» ж. б. обондору элге кенири белгилүү. Эралиеванын жүздөй романс, обондору, 4 бөлүмдөн турган симф. оркестр үчүн сюитасы, чоң хор жана оркестр үчүн кантатасы, фортепиано үчүн сонатасы, пьесалары жана скрипка, виолончель, фортепиано үчүн вариациялары (350дөй чыгарма) бар. «Каныкей Эралиева ырдайт» деген 4 топтомдон турган граммпластинка чыгарылган. «Айыл кечи» (1986, А. Бөдөшев менен бирге), «Коңур күздөгү кусалык» (2003), «Күн балдары» (2007) аттуу обондуу ыр жыйнактары жарык көргөн. К. Молдобасанов атындагы сыйл. лауреаты (2008) . Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4