Эрам бакчасы

Википедия дан

Эрам бакчасы باغ ارم[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шираз шаарында жайгашкан, бир канча тарыхый жана ботаникалык курулуштары бар Эрам бакчасы Ирандын тарыхый бакчасы болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шираздын Эрам бакчасынын негиздөөчүсү жана тарыхый салынышы тууралуу так маалыматтар калган эмес. Бирок ал жөнүндө жазуулар хижри жылы менен X-XI-кылымдарга таандык эскерүүлөр бар. Бул бакча Селжуктардын жана монгол башкаруусунун дооруна таандык. Зенддердин башкаруу доорунда Карим хан Зенд бакчанын курулушуна чоң салым кошкон. Кажарлардын доорунда бакча 755 жыл Илкашкаилердин карамагында турган. Ошол заманда бакчанын имараттары курулган. Бирок Насриддин шахтын салтанатында Хусейн Али хан Насир Малик тарабынан башка имараттар салынып ал өлгөн соң Абулкасем хан Насир Малик Эрам бакчасынын ишин өз колуна өткөзгөн жана жарым курулуштарды акырына чыгарган. Бул бакча Шираздык үй бүлөлөрдүн мүлкү болгон. Ал имарат азыркыга чейин сакталып келет. Бул бакча аркын түрдөгү өсүмдүктөргө бай келет жана дүйнө жүзүнөн алынып келген өсүмдүктөрдүн түрлөрү да кездешет. Бакчанын ичи ар түрдүү гүлдөрдүн жана өсүмдүктөрдүн жарманкесине окшош. Азыркы учурда бул бакча Шираз университетинин карамагныда, бакчанын ботаникалык тармагы айыл чарба институтуна караса, имараттары укук коргоо институтуна карайт. 2011-жылы Эрам бакчасы Ирандын башка сегиз бакчасы менен бирге ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган.

Тарыхый курулуштардын өзгөчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортодо жайгашкан имарат бакчанын негизги борборун түзөт. Бул курулуш Кажарлардын заманында Зенди архитектурасынын негизинде курулган. Бул имарат архитектуралык, стилдик, шыбак жана кыш коюу жагынан Кажарлардын алдынкы курулушу болуп эсептелет. Ал имарат үч кабаттан туруп кымбат баалу жасалгалар менен кооздолгон. Алдынкы кабаттарындагы бөлмөлөр, жер алдында жайгашкандыктан, жай мезгилинде ысык күндө эс алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андагы бөлмөлөрдүн жасалгаланышы ар түстүү шыбак төшөлгөн. Үстүнкү эки кабатында колонналар тургузулуп, Тахте Жамшид аталып калган. Курулуштун чет тарабындажарты айлана сымал эки дубалча жана ортосунда бир чоң жазы белги көзгө урунат. Ортодогу чоң жазы белгиде Фирдоусинин Шахнаме чыгармасынан сүрөттөр жана Кажар шахтарынын согуштарынын сүрөттөрү чагылдырылган. Бул курулуш 70 жылдан ашуун Кашкаилердин үйүнө таандык болгон жана Пахлавинин доорунда конфискация кылынган.

Аймакты баяндоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шираз шаарынын түндүк батышы жана шаардын жанында Кажарлардын доорунан бери калган кооз бакча сакталып калган, ал дүйнөгө Эрам бакчасы деген ат менен таанымал. Аталган бакчанын түштүк тарабынан Шираздын дарыясы чыгыштан батышка куят. Бакчанын аянты болжол менен үч гектарды түзүп цитрус жана кипарис (арча) дарактары менен капталып турат. Бакчанын кызыктуу бөлүгү жолго жакын жери, анткени чыгыштан батышка карай бакчанын ортосунда курулуштар жана эки тарабында отургузулган кипарис дарактары өзгөчө сулуулукту тартуулап турат. Кипарис дарактарынын ортосунан жол өтүп өзгөчө бир атмосфера тартуулап турат. Мындай кипарис дарактарын башка Шираз бакчаларынан табууга болбойт. Бакчанын короосун кипарис, апельсин жана ар түрдүү декоративдүү гүлдөр менен төшөлүп кооз жасалгаланып турат. Эрам бакчасы өкмөт тарабынан жана Шахеншахтын материалдык жардамы менен сатылып алынган жана кайра куруу иштери жүрүп, Шираз университетине белекке берилген. Андагы курулуштар табигый факторлор менен бузулуп, дубалдар бүткүл бойдон талкаланууга учураган. Катмардуу дубалдарды алып салып анын ордуна таштан жасалган дубалды кыркалай тургузуп чыгышкан. Курулуштун жасалгалануусунун ар кыл бөлүктөрү кайра жасалып толукталып жаңыртылган. Жогорудагы бакча Насреддин шах Кажар доорунун тарыхый жана маданий булактарына таандык жана Насир Маликтин күчү менен азыркы курулуштар салынган. Бул тууралу бир канча таш жазуулар бакчанын ар кайсы бөлүгүндө Насир Малик жөнүндө маалыматтар калтырылган. Биринчиси мрамор таш жазуусу бакчанын түндүк чыгыштагы кире бериш дарбазасынын үстүнө “насталик” кол жазмасы менен: «Эрам бакчасы дайым жашыл болсун» Насир Малик шахтын вазиринен, деген кол жазма калган. Жогорудагы жазуудан сырткары алты таш жазуусун курулуштардын ар кайсыл бөлүгүнөн табууга болот, анын баарысы “насталик” кол жазмасы менен жазылып, акырында жазылган күнү жана Насир Маликтин ысымы жазылган.

  • Экинчи жазуу Шуриде Ширази, Кажар династиясындагы атактуу акынга таандык.
  • Үчүнчү жазуунун биринчи бейти курулуштун салунуусун жазылган.
  • Төртүнчү жазууда Шуриде Ширазинин ыр саптары, ыр саптарда Музаффар шахтын доорундагы курулуштун кайра куруу иштери айтылган.
  • Алтынчы жазуу сол тараптагы балкондун түштүк тарабында жазылган, анда оңдоо иштеринин натыйжасында ар кандай жаңы киргизүүлөргө дуушар болгон нерселер жазылган.

Бакчанын короосу бузулуп калгандыктан кайрадан алгачкы курулушундагыдай калыбына келтирилген. Имараттардын шыбак иштери сыйрылып калгандыктан кайрадан шыбалып оңдолгон. Андагы бирден бир кызыктуу жерлердин бири Кажар династиясына таандык курулуштун айнек терезеси, имараттын биринчи кабатында чоң балкондун жанында орун алган, темир терезелердин үлгүсү. Жыгач эшиктер «тик» дарагынан жасалган, ошондуктан канча убакыт өтсө дагы ошол бойдон сакталып келген. Борбордук балкондун жана анын тегерегинин шыбак иштери Кажар доорундагы өзгөчө иштердин бири, анткени андай иштер ошол доордогу башка курулуштарда чагылдырылган эмес. Хан сарайындагы же сарайдын ичиндеги жасалгалар же Кажар доорундагы башка курулуштарда Эрам бакчасынын балконундагыдай шыбак иштерин кездештирүүгө болбойт. Бакча ошонусу менен дагы уникалдуу болуп саналат. Насир Маликтен Фарстарга баа жеткис тарыхый курулуштар калган, алар Насир Малик мечити, Насир Малик үйү жана Эрам бакчасы болуп саналат. Анын байыркы курулуш иштери эң кызык имараттар Кажар доорундагы салыштыргыс курулуштар болуп саналат. Эки колонналуу борбордук балкон жана жанындагы эки балкон архитектуранын чоң чыгармачылыгы болуп эсептелет. Андагы имараттар шыбак иштери жана скульптура, ар түстөгү сүрөттөр менен тарыхый курулушка барк берип, Ширазды таанытып жана жаңы үлгүдөгү скульптуралык иштер менен кандайдыр бир өзгөчөлүк тартуулап турат. Астынкы кабаттагы жер төлөөлөрдун баалулугу курулуштун дагы бир өзүнө тарткан бөлүгү, бөлмөнүн ортосунан агын суу өткөндүктөн жайкысын салкын температураны сактап турат. Кыш коюулары чеберчилик менен аткарылган жана ар кайсы бөлүктөрүндө өзгөчө балкон тарабындагысы курулуштун көрүнүшүнө кооздук берип турат. Алты ташка чегилген жазуулар Эрам бакчасынын кооздугунун дагы бир ачкычы. Таш жазуулар балкондун астында, эки колоннанын оң тарабында, сол тарабында жана жанында асылып турат, жазууларды оң тараптан карай маанилеп тарыхый маалыматтарды ирети менен маалымдайт. Баардык ташка чегилген жазууларда “насталик” жазуусу колдонулган. Ташка чегерилген жазууларда Шуриде Ширазинин ыр саптары, тарыхый имараттын курулушу жана оңдолушу чагылдырган. Балкондун астында темирден жасалган үч терезе алды жактан байкалып кооздука кооздук кошуп турат. Андагы баалу жасалгоолор, кооздуктар баа жеткис болуп эсептелет. Шыбак иштери уникалдуулугу менен айырмаланып курулуштун формасын ачык дааналап көргөзүп турат. Анын үстүнө насталик жазуусу менен жазылган сөздөр илинип турат. Насталик жазуусу ар кандай өңдөр менен түшүрүлгөн. Андагы жазуулардан Куран аяттарынан да жазууларды байкасак болот. Ал Музаффар ад Диндин жана Насир Маликтин башкаруу дооруна таандык. Эрам бакчасындагы боек жана май сүрөттөрүн, баалу жыгач эшиктерди, жеңил архитектуралык көрүнүштөрдү, кыш куюу, шыбак, таш колонналарды, имарттардын алдынкы бетин Кажар доорундагы өнөрдүн күзгүсү жана иран өнөрүнүн үлгүсү катары бааласак болот.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сан Антонионун ботаникалык бакчасы
  • Иран музейлеринин тизмеги

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эрам бакчасынын тарыхчасы Шираз
  • Англис википедиясы, эркин билим булактары, Эрам бакчасы - https://en.wikipedia.org/wiki/Eram_Garden

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A8%D8%A7%D8%BA_%D8%A7%D8%B1%D9%85

Маданият, Табият