Эргежээл (манизм)

Википедия дан

Эргежээл (манизм) — эң кичине бойлуу киши (эркегинин бою 130 см, аялдыкы 120 смден төмөн). Эргежээл көбүнчө ички секреция бездеринин (гипофиз, калкан бези) функцияларынын бузулушунан, мээнин түрдүү шишиктеринен, инфекциялардан (мисалы, энцефалиттер, менингит жана башкалар), травмадан болот. Эргежээлдин дене түзүлүшү пропорциялуу, кичине баланыкындай, бирок бети бырышып, картаңдай болуп турат, жыныс бездери жетилбейт. Кээде эргежээл (пропорциялуу эмес) сөөк жана кемирчек системасынын бузулушунан (мисалы, итийде) болот. Дарылоо дененин жалпы өсүшү токтолгончо жүргүзүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8