Эргодикалык гипотеза

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Эргодикалык гипотеза – Эргодикалык гипотезаны статикалык физикалык чоңдуктардын убакыт боюнча орточо мааниси алардын орточо статистикалык маанисине барабар деп божомолдошот жана статистикалык физиканы негиздөө үчүн кызмат кылат. Физикалык системалар үчүн Эргодикалык гипотеза аткарылса, эргодикалык деп аташат.

Ал эми теңсалмактуу классикалык статистикалык физикада болсо Эргодикалык гипотеза деп фазалык мейкиндикте фазасы боюнча өзгөрүлмөлүү деп аталган системанын кыймыл траекториясында чекит катары алынган убакыт боюнча орточо мааниси, энергиясы турактуу беттик жука катмарга жакын жердеги бирдей бөлүштүрүлгөн фазалык чекиттердин орточо статистикалык маанилерине барабар деп божомолдошот. Мындай бөлүштүрүү Гиббстин макроскопикалык бөлүштүрүлүшү деп аталат.

Ал эми кванттык статистикалык физикада болсо, Эргодикалык гипотеза, турактуу энергияга ээ болгон жука катмарга жакын жердеги бардык энергетикалык абалдар бирдей ыктымалдуулукка ээ болот деп айтышат.

Туюк система Гиббстин микроканоникалык теңдемеси менен туюнтулуп, Эргодикалык гипотеза ага эквиваленттүү болот.

Бул болсо статистикалык физиканын эң негизги тең салмактуу постулаттарынын бири, себеби микроканоникалык бөлүштүрүлүштүн негизинде каноникалык жана каноникалык чоң Гиббс бөлүштүрүлүштөрү алынышы мүмкүн.

Математикада болсо эргодикалык теория, кандай шарттарда динамикалык системалардын убакыт боюнча орточо өзгөрмөлүү мааниси фазалык системалардын орточо статистикалык маанисине барабар экендигин үйрөтөт.

Амер. математик К.Неймандын эргодикалык теориясы боюнча системанын эргодикалык болуу шартын төмөнкүчө аныктайт: баштапкы фазалык чекит менен бирге бардык фазалык траекториялар жана энергиялык бет, эң кичине чектелген аймактарга бөлүнүшү мүмкүн эмес.

Неймандын теоремасынын далили болуп, реалдык системалардын эргодикалык болушу – эң татаал жана азыркы учурга чейин чечилбеген маселе.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]