Эрен

Википедия дан

Эрен, Ирен — "Манас" эпосундагы топоним. "Алооке кандын кыргыздарды чабышы" деген эпизоддон кыргыздар сүрүлүп барган жерлердин бири катары айтылат

Кайран Балта, Жакыпты

Кырк үйлүү кыргыз баш кылып,

Алтай көздөй айдады.

Бирөө айдалды Иренге,

Бирөө түшүп кетти тереңге (Саякбай Каралаев, 1. 35). Географиялык жактан Иран өлкөсүн туюндуруп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4