Эрешен

Википедия дан

Эрешен — эр жетүү, бой тартуу, өспүрүм курак. "Манас" эпосунда көбүнчө эр жетүү маанисинде жолугат. Мисалы, "Эрешен тартып эр болду, Эр уулу менен тең болду" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 227, 231, 298) деген саптар эпосто жыш учурайт. "Манас" эпосунда ошондой эле чыгаан чыкты деген мааниси да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4