Эриксон Эрик

Википедия дан

Эриксон Эрик (1902–1994) – америкалык психолог ж-а психоаналитик, «Мен психологиясы» («психология Я») деп аталган психоаналитикалык мектептин өкүлү.

Зигмунд Фрейдден айырмаланып, адамдын жан ишмердигинин адаптациялык аспектине басым жасаган. Ал колдоого алган эпигенез теориясы б-ча, адамдын руханий ишмердүүлүгү социомаданий факторлордун жыйындысына байланыштуу болот. Инстинктивдүү каалоолор биринчи, алгачкы каалоолорго жатпайт, тескерисинче аң-сезимдүү процесстер м-н өз ара байланышта жүрөт, өтөт. Улуу инсандардын психикалык өмүрүн өзүнүн концепция духунда интерпретациялаган. Анын ою б-ча, алардын тарых бурулуштарында баштан кечирген инсандык кризистери социалдык кризистерге изоморфтуу келет ж-а алар м-н бирдей структурага ээ.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8