Эрик Клэптон

Википедия дан
(2005)

Эрик Патрик Клэптон (англ. Eric Patrick Clapton; 1945-жылы 30-март) - Британия империясынын орденинин рыцари, англиялык рок жана блюз гитарчысы, ырчы жана ыр жазуучу. Рок-н-роллдун атак-даңк музейине үч жолу кошулган алгачкы артист (жеке артист катары, Yardbirds тобунун курамында жана Cream тобу курамында). Клэптон эч бир заманда болуп көрбөгөн эң мыкты белгилүү жана таасирдүү гитарчылардын бири. Ал Rolling Stone журналынын "100 эң мыкты гитарчы" тизмесинде экинчи орунда жайгашкан, Gibson компаниянын "Эч бир заманда болуп көрбөгөн 50 эң мыкты гитарчы" тизмесинде төртүнчү орунду ээлеген. Ошондой эле, ал 2009-жылы Time журналынын "10 эң мыкты электро гитарачылар" тизмесинде бешинчи орунда жайгашкан.

1960-жылдардын ортосунда, Клэптон, Yardbirds тобунан айрылып John Mayall & the Bluesbreakers тобуна кошулган. Мейолл топтон чыгаары менен Клэптон доолбасчы Жинжер Бейкер жана бас-гитарчы Жек Брүс менен бирге Cream трио тобун түзгөн, анда Клэптон туруктуу блюз импровизацияларын жана "көркөмдүүлүккө умтулган, блюз жанрында калыптанган психоделикалык поп" жанрдыгы музыкасын аткарган. Мындан тышкары ал Бейкер, Стив Уинвуд жана Рик Греч менен бирге Blind Faith (кырг. Сокур ишеним) рок-блюз тобун түзгөн. Клэптондун 1970-жылдардагы чыгармачылыгы Жей Жей Кейлдин жагымдуу жумшак стили жана Боб Марлинин регги стилинин таасиринде табылат. Марлинин "I Shot the Sheriff" (кырг. "Шерифке мен аттым") ырынын версиясы реггинин жайылуусуна өбөлгө түзгөн. Анын эки белгилүү үн жазууларына Derek and the Dominos тобу менен бирге жаздырган "Layla" (кырг. "Лайла") жана Cream тобу менен жаздырган Роберт Жонсондун "Crossroads" (кырг. "Жолдордун тоому") ыры да кирет. 1991-жылы Кэптондун уулу Конор каза болгондон кийин, ал кайгысын Unplugged (кырг. Ажыроо) альбомунда көрсөтүлгөн "Tears in Heaven" (кырг. "Асмандагы көз жаштар") ырында чагылдырат.

Клэптон 18 "Грэмми" сыйлыгына жана Brit Award сыйлыгынын "Музыканын өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү бир салым" номинациясына ээ болгон. 2004-жылы Клэптонго Букингем сарайында музыкага кызмат кылганы үчүн Британия империясынын рыцардык ордени ыйгарылган. 1998-жылы алкоголизмден жана баңгизат колдонуудан айыгып келе жаткан Кэптон Антигуада айыгып келе жаткан оорулуулардын Crossroads Centre медициналык борборун ачкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]