Эркебай Бердибай уулу

Википедия дан

Эркебай Бердибай уулу (1876, Талас областы, Манас району, Арал айылы- 1930, Фрунзе шаарында атылган) ― манасчы.
18 жашка келгенде казак-кыргыздын ортосунда жайлоо талашып уруш болуп калып, эки элди элдештирет. Ошондон баштап бий болуп калат.
Ал жалан гана «Манас» айтпастан төкмө акын да экен. 1923ж. 12 августтан 18 августка чейин Каюм Мифтаков Арал айылында болуп, бул кишинин оозунан «Манас» эпосунан айрым үзүндүлөрдү жазып алган. Андан тышкары элдик ырларды, накыл кептерди, макал-лакаптарды, табышмактарды жазып алган экен.
1929ж. бийсиң деген жалаа менен кармалып, 1930 ж. атылып кеткен.