Эркектер үйлөрү
Көрүнүш
Эркектер үйлөрү - алгачкы общиналык (жамааттык) коомдо уруктун же общинанын бойдок (кээде уруудагы бардык эркектер) эркектерине коллективдүү үй, ошондой эле эркектердин жыйналышы, жөрөлгөлөрдү өткөрүү, конок күтүү үчүн кызмат кылган коомдук имарат.
Эркектер үйү же алардын калдыктары дүйнөнүн бардык элдеринде белгилүү. Сейрек таралган кыздар (аялдар) үйлөрү сыяктуу эле, алар алгачкы общиналык коомдогу аял-эркек жана жаш курактык бөлүнүүлөргө байланыштуу келип чыккан. Айрым илимий тыянактар боюнча, эрте уруктук общинасындагы эркек-аялдардын үйү өз алдынча бөлүнүп жашоосунан башталат. Эркектер үйлөрү энелик уруктан аталык урукка өтүүдө эркектер союздарынын ишмердүүлүгүнүн борборлору катары өзгөчө чоң мааниге ээ болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.