Эркиндигинен ажыратуу

Википедия дан

Эркиндигинен ажыратуу – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жазанын бир түрү (негизги чара катары гана). Э. а. чарасы күнөкөрдү убактылуу жер котортуу же жалпы, күчөтүлгөн, өзгөчө тартиптеги абакка жайгаштыруу же түрмөгө камоо жолу менен ишке ашырылат. Э. а. 6 айдан 20 жылга чейинки мөөнөттө белгиленет. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза белгилөөдө Э. а. мөөнөттөрүн жарым-жартылай же толук кошкон учурда, Э. а-нун эң жогорку мөөнөтү 25 жылдан, ал эми өкүмдөрдөн жыйындысы боюнча 30 жылдан ашпоого тийиш. Өлүм жазасы кечирим берүү иретинде 30 жылдык Э. а. мөөнөтү менен алмаштырылышы мүмкүн. Өкүм чыкканга чейин 18 жашка толо элек күнөкөрлөр жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги абакка жайгаштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]