Эркиндик Мунарасы

Wikipedia дан

Эркиндик Мунарасы - Мунаранын бийиктиги 46 метрди түзөт, ал эми пьедесталдын бийиктиги 47 метрдей. Жезден жасалган мунара орнотулган соң 20 жылдан кийин эле патина (жездин үстүндөгү катмар) менен капталып калган. Аны тазалоого ар кандай сунуштар болгону менен, даттан сактоо үчүн тазалабоо чечими чыгарылган. Калыңдыгы 2,57 миллиметр болгон катмар аны жашыл түскө боёп турат.Мунаранын таажысына чыгуу үчүн жылына 3 миллиондон ашуун конок 356 тепкичти басып өтөт.


Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бүткүл дүйнөгө таанымал Америка Кошмо Штаттарындагы "Эркиндик" мунарасы аталган штаттардын белгиси болуп келет. Кызыгы, бул мунара Америка континентинде жайгашканы менен, франциялыктар тарабынан жасалган. Аны Париж шаарында франциялык скульптор Фредерик Огюст Бартольди жасаган. Алгач скульптор Суэц каналына "Азия жарыгы" аталышындагы колунда шам кармап турган, аял кишинин келбетиндеги жарык берүүчү мунара коюуну көздөгөн. Мунара деңиздегилерге жол көрсөтүү үчүн коюлмак. Бирок Египет бийлиги мунараны Франциядан ташып келүү алар үчүн өтө кымбат болгондуктан, скульптордун сунушунан баш тартышкан.

"Эркиндик" статуясын жасоо идеясы 1865-жылы академик Эдуард де Лабулэге таандык. АКШдагы жарандык согуш түндүктүктөрдүн жеңиши менен аяктаганы академикти шыктандырып, ал өлкөдөгү мамлекттик түзүлүш бүткүл дүйнөгө үлгү болоруна ишенген. Эдуард де Лабулэ статуяны жасоо сунушу менен Фредерик Огюст Бартольдиге кайрылган. Скульптор "Азия жарыгына" колдонгон эскиздик долбоорун колдонуп, "Эркиндик" статуясын жасаган. Көп адамдар бул статуянын чыныгы аталышы "Дүйнөнү жарыктандырган эркиндик" экенин биле беришпейт. Статуяны жасоо маалында Бартольди бир нече жолу франциялык сүрөтчү Делакруанын "Элди ээрчиткен эркиндик" аттуу сүрөтүнө көп кайрылган.

Ал эми статуя кимдин образынан алынгандыгы тууралуу эки вариант айтылып келет. Бири "Бартольди өзүнүн апасынын келбетин түшүргөн" дешсе, экинчилери "Изабелла Бойер аттуу франциялык жесир аялдын жүзү колдонулган" дешет.

"Эркиндик" статуясына өз салымын атактуу Эйфель мунарасынын автору, инженер Густав Эйфель да кошкон. Ал статуянын ички конструкциясын жасаган. Шамал болгон учурларда "Эркиндик" 7,6 сантиметрге, ал эми колунун бөлүгү 12,7 сантиметрге термелет, бирок мыкты конструктордун эмгегинин арты менен статуя өз ордунда бекем турат. Франциялыктар менен америкалыктардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында статуяны франциялыктар, ал орнотула турган пьедестал америкалыктардын эсебинен курулмай болгон. Бирок эки тарапта тең каражат жетишпегендиги байкалган. Ар кандай кайрымдуулук иш-чаралар уюштурулуп, лотереялар ойнотулуп, франциялыктар жетиштүү каражатты чогулта алышкан. Ал эми Америкада статуяны орноштурууга каршы болгондор да болгон.

Алардын оюнда статуя жарандык согуштагы чыныгы баатырлардын образы менен жасалышы керек болчу. Мындан тышкары өлкө мынчалык ири масштабдагы долбоорду каржылай албайт деген ойдо болушкан.

Ага карабастан, 1883-жылы пьедесталды куруу иштери башталган.

Бартольди статуяны жайгаштыруу үчүн АКШдагы Бедлоу аралын көздөп койгон. Анын каалоосу менен ошол кездеги АКШнын президенти Улисс Грант өзүнүн акыркы иш күнүндө статуяны аралга жайгаштырууга уруксатын берген. 1878-жылы "Эркиндиктин" башынын бөлүгү бүткөндө Париждеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө коюлган. Скульптор статуяны толугу менен Парижде чогултуп, анын кемчиликтерин оңдоп, АКШга ташуу үчүн аны кайрадан 350 бөлүккө бөлүп 214 кутуга салган. 1885-жылы 17-июнда "Эркиндик" статуясы АКШга алынып келинген. Аны алып келген кемени он миңдей адам тосуп алган. Дал ошол убакта каражат чогултуу өзгөчө күч менен башталып, бир жылдан кийин пьедесталдын курулушу аяктап, статуя чогултула башталган.


1886-жылы 28-октябрда Манхэттендин көчөлөрүндө парад орун алып, ошол кездеги АКШнын президенти Гровер Кливленд Франциянын желеги менен жабылган статуяны салтанаттуу түрдө ачкан.