Эркин Касымов

Википедия дан

Касымов Эркин Өмүркулович (1941, Аламүдүн району, Орок айылы) — опера ырчысы, драмалык баритон.

Кыргыз ССРинин эл артисти (1987). Кыргызстан Ленин комсомолу (1979), Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыгынын лауреаты (1989). 1969-ж. Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн. Андан бери А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында эмгектенип келе жатат. 1980-жана башкалар Бейшеналиева атындагы искусство институтунун вокалдык бөлүмүн профессор С. Кийизбаеванын классында бүтүргөн. "Манас" операсынан Манастын,"Айчүрөк" операсынан Семетейдин партиясын аткарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4