Эркин даражалар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Эркин даражалар – системалардын мүмкүн болгон көзкаранды эмес абалдарынын өзгөрүшү.

Ал өзгөрүү физикалык системалардын параметрлеринин вариациялары менен шартталган.

Механикада Эркин даражалар механикалык системалардын көзкарандысыз кыймылдарына туура келип, анын саны системаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн жана тартипке келтирилген механикалык байланыштардын саны менен аныкталат.

Статистикалык физикада Эркин даражаларга толук энергия же болбосо системанын Гамильтон функциясы менен аныкталган көзкаранды эмес жалпыланган координаталар туура келет.

Эркин даражалар саны көп атомдуу газдардын жана жогорку температурадагы катуу нерселердин жылуулук сыйымдуулугун баалоого мүмкүндүк берет. Бул учурда классикалык статистикалык механика жана энергия Эркин даражалар боюнча бир калыпта бөлүштүрүлүшү зарыл. Бирок кадимки температурада (бөлмө) бардык эле Э. д. көп атомдуу газдын жылуулук сыйымдуулугуна салым кошо бербейт, алардын кээ бирлери “өчүп калышы” мүмкүн, себеби алар жетишерлик жогорку температураларда гана дүүлүгүшү мүмкүн.

Квант механикасында Эркин даражаларга Гамильтон системасы менен аныкталган, көзкаранды үзгүлтүксүз талааларды Эркин даражалардын чектелген саны менен мүнөздөөгө болбойт.

Термодинамикада Эркин даражалар теңсалмактуу термодинамикалык системанын абалы менен аныкталуучу теңсалмактуу термодинамикалык системанын эркин даража саны f Гиббстин фазалык эрежеси менен аныкталат. f=k−ϕ+2, мында k − компоненттердин саны, ϕ − фазалардын саны.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]