Эрматов Тообай

Википедия дан

Эрматов Тообай (10. 8. 1959, Өзбек ССРи, Ташкент облусу, Бостандык району, Кызыл-Туу айылы - 1999, Ак-Таш айылы) - спорт тармагынын көрүнүьстүү ишмери, дене тарбия отличниги (1997).

  • A. С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын дене тарбия бөлүмүн (1976), Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун (1988) бүткөн.
  • Спорттун жеңил атлетика түрү боюнча шаардык, облустук жана республикалык мелдештердин байгелүү орундарынын ээси.
  • Эмгек жолун Чаткал орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган.
  • Райондук өспүрүм балдар спорт-мектебин уюштуруучулардын бири жана ал мектептин директору болуп, өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген.
  • Кыска өмүрүнүн ичинде чаткалдык спортчулардын бир нече муунун тарбиялап чыгарып, спортто жогорку көрсөткүчтөрдү жараткан.
  • Эл агартуунун отличниги.
  • Ысмы райондук Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине берилген (Каныш-Кыя айылы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6