Эрмек Борбуков
Борбуков Эрмек Ат жабдыктарынын жана аваздык аспаптардын чебери. 1931-ж. Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Чарбада малчы жана кара уста болуп иштеген. Устачылык шыкты таекелеринен алып, аваздык аспаптарды чабуудан устакерчилигин баштаган. Эрмек комузду өрүктөн чабат. Аны кыйып, ал алешем кургаганда сомдоп, ичин оёт. Аны солидол же олиф майы менен майлап, көлөкө жерге таштайт. 20-30 күндө жыгач ойдогудай кургайт. Комуз капкагы үчүн жергиликтүү карагайды пайдаланат, өзгөчө Жети-Өгүздүн карагайы табылгыс жердик. Эрмек «чыбырткы» деген майда өрүм үчүн 12-15 талдан көк тилет. Негизинен бул камчы өрүм. «Жөргөм өрүм» («уй мурун» - бул уйдун таноосуна окшоштугунан ушундай аталса керек) дагы төрт-төрттөн кыр болуп түшөт. Өрүмдө өзөктү чыңай керет. Аны бир-эки күн коюп, өзөктү катырып алып өрөт. Көк узун болсо түшкүнүн өзү менен кошо тилип бекитет. Эгер көк кыска болсо кошумча көк улаштырат. Түшкүн негизинен үч эли (5 см) болот. Камчыга алакан чыгарышы бөлөкчөрөөк, жөнөкөй, бирок көркөм көрүнөт, бышык да келет. Алакандын маңдайына көрчөгө чаап, анын учун түшкүн менен бекитет. Уста эликтин шыйрагын, табылгыны (тобулгу), ыргайды, текенин мүйүзүн камчыга caп кылат. Текенин мүйүзүнүн маңдай жагын араалап, анын узунун камчы сапка ченеп, дагы узунунан тилет. Араа менен аны жумурулап, сууга кайнатып, жашытып, асты-үстү катуу нерсеге жаткырып, оор нерсе менен бастырып коёт. Мүйүз жакшы катпаса, кайра мурунку нугуна түшүп ийрейип кетет. Көккө кийиктин териси табылгыс жердик. Ал тегиз да, бышык да келет. Торпок менен тайдын терисинен да көк жасалат. Тайдын териси бышык болгону менен андан торпоктуку бышыктык кылат. Терини чылгый кезинде жыдытып, узунун чыгарып кургатат (түз жерге, тактай бетине керип). Көктү тиле билүү, аны сыдыргыга салуу, кыртышын кыруу - өрүм талдарынын кынаптала түшүшүнө өбөлгө түзет. Талдын майда болушу өрүмдү кооз көрсөтөт. Эрмек ээрдин эки түрүн: «кучмач ээр» (куш баш ээр) жана «ак каңкы» ээр чабат. Кучмач ээрдин кашы кичине келип, кашы куштун башына окшошот. Ак каңкы болсо башы барбайып, бүркүт томогосундай алдына эндүү болот. Экөөнүн тең көөдөнү бирдей болуп, ээрдин кашынан гана айырма көрүнөт. Уста ээрдик талдын узундугун 50-55 см кесет. Адегенде ахта келүүчү жагын түздөп чабат. Астыңкы акта менен арткы актанып өлчөмүнө карата (акта - желдик келүүчү жери) чийип алып, ага карата актанын коңулун биринчи бүтүрөт. Анан ээрдин үстүңкү бетин чабат. Буга чарасы менен моюну кирет. Жердик өтө кургак болсо оор чабылат, өтө суу болсо жарылып кетет. Чаранын формасын чыгарган сод анын кашын бүтүрөт. Эгер жыгачтын өлчөмүндө ээрдин көөдөнү кошо чыга турган болсо кашты туюк чабат. Көөдөнү жетпесе кашты өзүнчө жасап, бири бирине аштайт. Актанын узундугу ээрдин кашы менен чарасынын узунунан 10-12 см кыска болот. Жалпы ээрдин узундугу эки карыш, бир нукумдай (50-55 см) келет. Ошондо актасы 40-42 см болот. Актанын коңулунун бийиктиги - алды болжолдо 14-16 см (бир карыш), артынын бийиктиги 11-12 см (сөөмдөй) келип, ээрдия атка отурушу көркөм көрүнөт. Эрмек ат жабдыктарын шөкөттөөдө «өгөлөө ыкмасын» пайдаланат. Шөкөт түспөлү томпок, төрт бурч сымалданып, башкалардан айырмаланат. Ал эми «купаны» чаякыч менен чабат. Муну менен катар уста мис, коло, жез өңдүү жалтырак темирлерге оюм-чийим түшүрөт. Эрмек темир комуз да кармайт. Буга курч темир тандайт. Анын үн бере турганы, үн бербей турганы бар. Мисалы, чалгыны кайраганда үн берсе, андан комузга тил жасайт. Аваздык аспаптарды жасай билген уста аларда ойной да, үн кошун ырдай да алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0