Эр Агыш

Википедия дан

Эр Агыш, Агыш-эпизоддук кейипкер. Жеткир бийдин уулу, Кыястын атасы. Белгилүү чоң балбан. Агыш Көкөтөйдүн ашында кытай балбаны Түктүү таман Түкүбайды жыгып, кыргызга намыс алып бергени айтылат. "Чыканактай Эр Агыш,бүткөн бою тарамыш, чоң оюнчу кыз накыш, Агыштын жайы ушундай" деп чакан боюна кайрат-күч жык толгон,шайырлыгы, оюн-шокту жакшы көргөндүгү, кыз жандуулугу менен айырмаланат. Чоң сынчы Нескара ашка келген кыргыз баатырларын сынап жатып, Агыштын балбандыгын, жоодон жалтанбаган эрдигин белгилейт. Эл Агышты Түкүбайга балбан күрөшкө чыгараарда төмөнкүчө сүрөттөйт:

Оролмо тоонун бүркүтүн
Балдагы жок кондуруп,
Салып чыгып келаткан
Агыштай эрди көргөмүн
Керекке жараар эр экен,
Кең пейил тууган шер экен.

Түкүбайды оңой эле көтөрүп туруп, башынан айлантып балбан ташка чаап салат. "Бул байгеңди албаймын, кыздарымдан калбаймын" деп байгеге да карабай ордо кыздары көздөй жөнөп кеткени Агыштын өзүнө гана таандык кызык мүнөзүн көрсөтүп турат. С. Орозбаковдо уруу башчыларынан саналат. Кытайлар байгеге зордук кылганда колу менен Манаска кошулуп согушат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы.“Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек,1995.