Эсенаман кызы Наркулбүбү

Википедия дан

Эсенаман кызы Наркулбүбү (19-кылымдын 2-жарымы, Талас району, Кара-Кол деген жер — 20-кылымдын башы, Манас району, Май-Дөбө айылы) — ырчы.
Эсенаман төкмөнүн кызы. Жаш көзинен ырдай башгаган, бирок ошол мөзгилдеги шартка жараша ачыкка чыгып ырдай алган эмес. Ошондой болсо да, ал ырчы катары элге кеңири белгилүү болгон, Азыркы Кара-Буура районунун Бакайыр деген жеринде айтылуу Жеңижок менен айтышып, Жеңижок аял затын кемсинтип, намысына тийип баратканда, Эсенаман кызы анын ата-тегинин кемчилигин козгоп, ары курч, ары мурч сөздөр менен жеңип чыккандыгы жөнүндө эл ичинде кеңири айтылат. Кийин атасы Эсенаман ырдаганына тыюу салып койгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.