Эсептешүүлөрдүн акцептик формасы

Википедия дан

Эсептешүүлөрдүн акцептик формасы - жеткирип-тапшырып туруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы акчасыз эсептешүүлөрдүн бир формасы;

мында жүктөлүп жөнөтүлгөн же жиберилген материалдык баалуулук, аткарылган иш же көрсөтүлгөн тейлөө үчүн төлөмдөр жеткирип тапшыруучунун документтеринин негизинде сатып алуучулардын макулдугу боюнча гана жүргүзүлөт, эсептешүүнүн акцептик формасында төлөөчү продукцияны жүктөп жөнөтүп же контрагентке тейлөө көрсөтүп, ага счет (товардык-транспорттук коштомо кагаз) төлөм талабын жазат да, аларды жеткирип тапшыруучуну инкассодо тейлөөчү банкка өткөрөт.

Банк документ айланымын уюштурууну өзүнө алып, сатып алуучулардан төлөмдө келип түшкөнгө чейин жеткирип тапшыруучуларга кредит берет. Төлөмдөр сатып алуучулардын акцепти (макулдугу) менен тейлеген банк төлөө төлөм-талабын алып, соңунан ага суммасын көрсөткөндөн кийин жүргүзүлөт. Анда көрсөтүлгөн сумма сатып алуучунун эсебинен өчүрүлүп ташталат да, төлөм мөөнөтү келгенде жеткирип-ташуучунун эсебине өткөрөт. Эгерде бул убакытка чейин төлөө үчүн сатып алуучунун акчасы жок болсо, анда ага кредит берилбейт да, ошол акча каражаты белгиленген тартипте төлөтүлүп алынат.

Ал эми мөөнөтүнөн кечиктиргендиги үчүн жеткирип-ташуучунун пайдасына штрафтык санкция колдонулат. Эгерде сатып алуучу төлөгөн товардык-материалдык баалуулуктар стандартка туура келбей толук эмес, сапатсыз ж.б. болуп чыкса, андан ага акцептсиз тартипте эле жеткирип-тапшыруучунун счётторунан ашык төлөнгөн сумманы чыгарып таштоого укук берилет. Эсептешүүлөрдүн аккредитивдик түрүнөн, акцептик формасынын эң башкы айырмасы, анын сатып алуучунун кызыкчылыгын коргогондугунда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9