Эсептөө техникасы

Википедия дан

Эсептөө техникасы -

1) маалыматтын математикалык процесстерин эсептөөнү механикалаштыруучу жана автоматташтыруучу техникалык жана математикалык каражаттардын (эсептегич машина, түзүлүш, прибор ж. б.) жыйындысы. Ал эсептөө көлөмү чоң инж. жана илимий маселелерди чечүүдө автоматтык жана автоматтык башкаруу системаларымда, илимий негизделген чечим чыгаруу, эксперименттик маалыматтарды иштетүү үчүн эсептөөдө, пландоодо, прогноздоодо жана экономикалык баалоодо, информация-издөө системаларында ж. б. тармактарда колдонулат. Убакытты эсептөө, жер аянтчаларын аныктоо, соода жүргүзүү ж. б. у. с. маселелер адамзат маданиятынын байыркы мезгилине таандык. Чот жана математикалык эрежелердин жардамы менен жөнөкөй маселелерди эсептеп чыгаруунун алгачкы өтө жөнөкөй түзүлүштөрү б. з. ч. пайда болгон. Эсептөө түзүлүштөрү, мис., Непер шкаласы, логарифмдик сызгыч, арифмометрдин алгачкысы - арифметикалык Паскал машинасы 17-кылымдан эле белгилүү болгон. 18-19-кылымдагы өнөр жай рев-сы Эсептөө техникасынын дүркүрөп өсүшүнө түрткү болду. 1833-ж. Ч. Беббиж программалуу башкарылма, арифметикалык жана эсте туткуч түзүлүштүү - «аналитикалык машинанын» долбоорун иштеп чыккан. Эсептөө техникасынын практикалык өнүгүшү негизинен 19 жана 20-кылымдын башындагы аналогдуу эсептегич машинаяын пайда болушуна, б. а. орус окумуштуусу акад. A. Н. Крыловдун дифференциал теңдемени чыгаргыч биринчи машинасына байланышкан. 1944-ж. АКШда программа менен башкарылма «МАРК-1» цифралуу эсептегич машинасы (ЦЭМ) курулган. 1965-ж. дүйнөдө түрдүү арналыштагы 50 миңден ашык ЦЭМ пайда болгон. Анын эсептөө тездиги жана эсте тутуу көлөмү он жана миң эсе өстү. Эсептөө техникасы кемени, суу астындагы кайыктын, самолёттун, космос объектилеринин ж. б. координаталарын бат жана так аныктоо үчүн маалыматты иштеп чыгуучу азыркы системаларда, айрыкча маалымат издөөчү системаларда, каржы мекемелеринде ж. б. кеңири колдонулат. Азыркы ИТП эмгектин жогорку өндүрүмдүүлүгү, илимий уюштуруучулугу менен гана эмес, адамдын акыл эмгегин кеңири механикалаштыруусу жана автоматташтыруусу менен да мүнөздөлөт. Учурда компьютер - Эсептөө техникасынын эң ири кубаттуу каражаты; ал кибернетиканын негизги, ири техникалык базасы болуп калды. Ошондой эле биринчи муун - лампалуу кожпьютер, экинчи - транзистордуу, үчүнчү - интегралдык схемадагы болсо, азыр төртүнчү муун - микропроцессорлуу компьютерлер колдонулууда.

2) Техниканын эсептегич машиналарды, түзүлүштөрдү жана приборлорду иштеп чыгуучу, даярдоочу жана ишке киргизүүчү тармагы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4