Эскертүүчү түс

Википедия дан

Эскертүүчү түс - жаныбарлардын айлана чөйрөнүн түсүнө карама-каршы болуп, көңүлдү өзүнө буруучу өңү.

Мындай түрдөгү жаныбарлар көпчүлүк учурда уулуу же жагымсыз жыттуу болуп, ал айлана-чөйрөдөгү жаныбарларга эскертилет, мис., уулуу жылан, аары, ала күлүк ж. б. Эскертүүчү түс жашоо үчүн күрөштө жаныбар түрүнүн жашап калышын шарттайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4