Эске тутум

Википедия дан

Эске тутум, эс тутуммаалыматтардын эсте кармалып туруусун камсыз кылуучу, эс жараяндарын бири. Эске тутумду мүнөзүнө, ишке ашуу жолуна жараша:
а) эрктүү, эрксиз;
б) механикалык, маанилүүлүк;
в) түздөн-түз, кыйыр деп бөлүүгө болот.

Эрксиз эске тутумда кубулуштур, материалдар алдын-ала тандалбайт, эрктик аракеттер жумшалбайт, кошумча каражаттар колдонулбайт. П. И. Зинченко, А. А. Смирнов жана башка психологдор тарабынан материал иш-аракеттин негизги максаты менен байланыштуу болсо, эрксиз эске тутум жемиштүү боло тургандыгы далилденген. Эрксиз эске тутум акыл активдүүлүгүнө, жумуш аткаруудагы өз алдынчалыкка жараша болот: акыл аракеттерин талап кылбаган материал начар, эрксиз эсте калып, тез унутулат.

Эрктүү эске тутумда адам аныкталган мотивдердин негизинде (өзү белгилеген же ага сунуш кылынган) нерселерди эсте калтыруу үчүн өзүнүн алдына максат коёт, башкача айтканда эрктүү эске тутум атайын мнемикалык аракет болуп саналат. Эрктүү эске тутумдун ийгиликтүүлүгү мнемикалык максаттардын өзгөчөлүгүнө көз каранды болот. Эрктүү эске тутум ийгиликтүү жүрсүн үчүн төмөндөгүдөй жолдорду колдонуу керек:

  • а) материалдын планын түзүү;
  • б) эски менен жаңынын ортосундагы тиешелештикти коюу, башкача айтканда жакшы белгилүү жактарына таянуу;
  • в) материалды системалаштыруу жана класстарга бөлүштүрүү;
  • г) материалды айырмачылыктары, окшоштуктары боюнча ажыратуу жана башка ушундай сыяктуу.

Бирдей шартта эрктүү эске тутум, эрксиз эске тутумга караганда жогору бааланат, анткени анда өздөштүрүлгөн билимдер бекемдиги, аң-сезимдүүлүгү, системалуулугу боюнча айырмаланышат. Бирок практикада адамдын активдүү акыл иш-аракеттерин талап кылган көп иштер (адам өзү көңүл койсо) эрксиз эсте жакшы тутула тургандыгы белгилүү.

Механикалык, маанилүүлүк эске тутум жараяны түшүнүк менен байланыштуу. Механикалык эске тутум дегенде бул же тигил объектилерди так удаалаштыкта, логикалык байланыштарды түзбөстөн эсте калтырууну түшүнөбүз. Маанилүүлүк эске тутум – материалдын маңызын, логикалык байланыштарын табуунун эсебинен ишке ашырылат. Практикада маанилүүлүк эске тутум механикалык эске тутумга караганда бир топ жемиштүү келет. Түздөн-түз эске тутумда таасир эткен дүүлүктүргүч төгүлбөй-чачылбастан, эч кандай алымча-кошумча киргизилбестен, өзгөрүүсүз сакталат. Ал эми кыйыр түрдө эске тутумда кийин эстөөгө зарыл болгон «ачкычтар» изделип, аң-сезимдүү түрдө кошумча каражаттар пайдаланылат. А. Н. Леонтьевдин изилдөөсүндө түздөн-түз эске тутум эстин өнүгүшүнүн алгачкы этабында байкалып, анын жогорку өнүгүү деңгээлин кыйыр түрдө эске тутум камсыз кыла тургандыгы далилденген.

Эске тутумга таасирин тийгизүүчү эки факторду бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • 1) Эсте тутулган материалдын өзгөчөлүктөрү – субъект үчүн маалымат канчалык маанилүү болсо, ошончолук жакшы эсте тутулат.
  • 2) Эске тутумдун детерминанттык жагы – материал үйрөнүлүп жатканда кандай болсо, ал эсте тутулуп, кайра калыбына келтирилгенде так ошондой контекстте болсо эске тутум эң жакшы жүрдү деп айтса болот, б. а. субъект эске тутумга жөндөмү.

Эске тутум жараянынын жүрүшүндө негизги роль кайталоого таандык. Кайталоо аркылуу маалыматты эске тутумунун мыйзамченемдүүлүгү – белгилүү психолог Г. Эббингауз тарабынан кеңири изилденген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004