Эске түшүрүү

Википедия дан

Эске түшүрүү – адам тажрыйбасында кездешкен ойлорду, элестерди, сезимдерди, кыймылдарды кайрадан калыбына келтирүүчү эс жараяндарынын бири. Бул жаряндын жүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мында «билүү» жана «эстөө» түшүнүктөрүн айырмалоо мааниге ээ.

Билүү – кайрадан кабыл алуу шартында кандайдыр бир объектинин тааныштыгы. Билүүнүн турмуштук мааниси чоң. Эгер билүү болбосо таасир эткен дүүлүктүргүчтөр ар дайым жаңыдан белгилүү болуп жаткандай болмок. Билүү биздин тажрыйбаны кабыл алган дүүлүктүргүчтөр менен байланыштырып, чөйрөгө туура багыт алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эске түшүрүүнүн билүүдөн айырмасы – объект түздөн-түз таасир этип турбаган учурда, өткөн окуялардын эсте калышынын негизинде ишке ашат. Материал толук, так эсте калса, аны эске түшүрүү оңой. Бирок практикада ар дайым эле андай боло бербейт. Кээде керектүү нерсени эске түшүрүү кыйынчылыкты жаратып, активдүү изденүүнү талап кылат. Мындай абалдагы эске түшүрүүнү – эстөө деп айтабыз.

Эске түшүрүү эрктүү жана эрксиз деп экиге бөлүнөт. Эрктүү эске түшүрүүдө адам эсте калган материалды калыбына келтирүү үчүн, аң-сезимдүү курулмаларды түзүп, атайын максат коюп, пландуу аракет жасайт. Ал эми эрксиз эске түшүрүүдө өткөн окуялар атайын уюштурууну талап кылбастан, эрктик аракеттер жумшалбастан «өзүнөн-өзү» эске түшөт. Эске түшүрүү эки жол аркылуу ишке ашат:
а) түздөн-түз;
б) кыйыр түрдө.

Биринчи жол аркылуу эске түшүрүүдө пайда болгон мнемикалык маселенин жообу кошумча бөлүкчөлөрдү, оңдоп-түзөөлөрдү талап кылбастан табылат.

Экинчи жол аркылуу эске түшүрүү узакка созулган жараян, анда ар түрдүү байланыштыруучу бөлүктөр ишке киргизилет. Бул жолдо эске түшүрүү бир топ татаалданат да, активдүү эрктик аракеттер, ойлом жараяндары катышып, адам аң-сезимдүү изденип эстөөгө өтөт.

Эске түшүрүүнун негизги өзгөчөлүгү – тандоо мүнөзүнө ээ экендигинде. Бул эрксиз эске түшүрүүдө эле байкалат. Анткени сакталган материалды калыбына келтирүү адамдын керектиги, иш-аракетинин багыты, тынчсыздануулары менен байланышкан. Ал эми эрктүү эске түшүрүүдө, анын тандоо мүнөзүнө ээ экендиги ачык көрүнөт, б.а. адам алдына коюлган маселенин шартына жараша: керектүү маалыматтарды толук же айрым бөлүктөрүн, маалыматты сакталган абалда, же болбосо башка удаалаштыкта эске түшүрүүгө аракет жасайт. Эске түшүрүү кабыл алынган маалыматтардын толук сүрөттөлүшү эмес, ал адамдын түшүнүгүнө, аракетине, иш-аракетте коюлган маселеге жараша боло турган кубулуш.

Психология илиминде эстин механизмдерин, жараяндарын изилдөө кызыктуу фактыларды берүүдө. Айрыкча эстин эске түшүрүүгө даяр болушу, б. а. эстин иш-аракетти аткарууга зарыл маалыматтарды так, тез калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгү психологдордун бүйүрүн кызытып келүүдө. Эске түшүрүүгө даяр болуу даражасы, эске сактоонун жүрүшүнө жана өз учурунда берилген установкага көз каранды болот.

Психология илиминде эске түшүрүүгө терс таасирин тийгизүүчү кубулуштар изилденип, такталган. Алардын бири эс «издеринин» интерференциясы деп аталган кубулуш.

Эске түшүрүү жараянынын негизинде эсти изилдөөнүн эксперименталдык методдору түзүлгөн. XIX к. аягында немис психологу Г. Эббингауз «Удаалаш эске түшүрүү», «Антиципация» методдорун сунуш кылган. Акыркы мезгилде эркин эске түшүрүү методу, тартиптештирилген эске түшүрүү методу, Броун-Петерсон методу иштелип чыккан.

Эске түшүрүүнүн механизмдерин изилдөө психологдордун алдындагы чоң проблемалардын бири. Эске түшүрүүнү изилдөөнүн илим жемиштери педагогика иш-аракеттеги ийгиликти камсыз кыла тургандыгын ишеним менен белгилесек болот.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004