Мазмунга өтүү

Эстакада

Википедия — ачык энциклопедия

Эстакада (фр. estacade — туркүк, устун) — бул транспортторду, жөө адамдарды өткөрүү жана түрдүү коммуникацияны төшөп алып өтүү, жүктү жүктөө же түшүрүү ж. б. жумуштарга арналып, жер же суу бетинен бийик көтөрүлүп курулган инженердик курулуш.

Эстакадалар темир-бетондон, болоттон, жыгачтан же таштан курулган көпүрө курулмасы.

Эстакада бир нече тирөөчтөрдөн жана устундардан турат. Арналышына, жасалган материалына жана жергиликтүү шартка жараша устундуу, тирөөчтүү жана аркалуу форма конструкциядагы эстакада колдонулат. Ал көчөнүн, темир жолдун үстүнө, дарыя деңиздердин жээктеринде же үстүндө, порттордун, гидроэлектростанциялар жанында жакын аймактарда курулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.