Эстетизм

Википедия дан

Эстетизм, эстеттүүлүк – начарлаган, ындыны өчкөн буржуазиялык маданиятка мүнөздүү, көркөм өнөргө, кылдат сибариттик ырахаттануу предмети сыяктуу мамиле жасоо. Э. мазмундан жасалма ажыратылган форманы сактанып кароого негизделген; ал көркөм искусствонун тарбиялык жана таанып билүүчүлүк ролунан алагды кылат жана аны өзүнүн бир эле боёктору, линиялары жана добушунун көркөм айкалышы менен ырахат алып келүүчү кооз, арзыбаган жасалга катары баалайт. Э. – империалисттик буржуазиянын руханий жактан жакырдыгы жана реалдуу чындык алдындагы коркоктугу. Э-дин кээ бир элементтери абдан бай жана эч иш кылбай сайрандаган таптарга мүнөздүү жана бул айрыкча алардын деградацияга учураган, начарлаган мезгилинде байкалат (мисалы, XVIII кылымда кылыктанган назик стиль рококону жайылткан француз аристократиясы болгон).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]