Эстетика боюнча дарстар

Википедия дан

Эстетика. Искусство философиясын Гегель идеал жана анын өнүгүшү жөнүндөгү окуу катарында карайт. Искусстводо идеал өзүнүн өнүгүшүндө бир катар баскычтардан өтөт, ал баскычтар искусствонун формалары болуп саналат жана алар идея менен анын тышкы түрүнүн айкалышына жараша дифференцияланат. Символдуу көркөм форма идея тууралу ишара гана бере алат. Бул искусство Чыгышка мүнөздүү. Идея жана анын сырткы бейнеси (облик) бири-бирине толук ылайык келгенде биз классикалык искусствого ээ болобуз. Эгерде тышкы форма өнүгүп бараткан идеяны ишке ашырууга жетишсиз болсо, анда романтикалык искусство келип чыгат. Гегель искусствону адам ишмердигинин ар кыл түрлөрү менен байланыштырат.

Искусство — бул абсолюттук духтун өзүнөн өзү (самораскрытия) ачылып көрүнүшүнүн биринчи формасы, дин анын экинчи формасы катарында чыгат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine