Эстин ылдамдыгы

Википедия дан

Эстин ылдамдыгы(Memory access time- Скорость памяти) деп эстен берилишти табууга жана аны алууга кеткен убакыт аталат. Эстин ылдамдыгы наносекунд менен өлчөнөт, ал секунддун млрд. дан бир бөлүгүнө барабар. Көпчүлүк тез эстердин ылдамдыгы 50дөн 100ге чейинки наносекундду түзөт. 2-деңгелдеги кэш эс башка эстерге караганда тез жана анын ылдамдыгы 10-50 наносекунд. Туруктуу (ROM) эстин ылдамдыгы 50-250 наносекундду түзөт. Регистрлер жана 1-деңгелдеги кэш эстер бардык эстердин ичинен эң тези, алардын ылдамдыгы 1-10 наносекунд. Салыштыруу максатында катуу дисктеги берилишке жетүү ылдамдыгы 10-20 миллисекунд, бир миллисекунд секунддун миңден бир бөлүгү. Ошентип, катуу дискке жетүү ылдамдыгы 15 миллисекунд деп алсак, жетүү убактысы 70 наносекунд болгон эске 2500 эсе тез жетүүгө болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. 2004-ж., ISBN 9967-14-014-3