Эс ылдамдыгы
Эс ылдамдыгы техникада - эстин берилишин табууга жана аны алууга кеткен убакыт.
Эс ылдамдыгы наносекунд менен өлчөнөт, ал секунданын млрддан бир бөлүгүнө барабар. Техникада көпчүлүк тез Эс ылдамдыгы 50дөн 100ге чейинки наносекунданы түзөт. 2-деңгээлдеги кэш эс башка эстерге караганда тез жана анын ылдамдыгы 1050 наносекунда. Туруктуу (ROM) Эс ылдамдыгы 50-250 наносекунданы түзөт. Регистрлер жана 1-деңгээлдеги кэш эстер бардык эстердин ичинен эң тези, алардын ылдамдыгы 1-10 наносекунда. Салыштыруу максатында катуу дисктеги берилишке жетүү ылдамдыгы 10-20 миллисекунд, бир миллисекунд секунддун минден бир бөлүгү. Ошентип, катуу дискке жетүү ылдамдыгы 15 миллисекунда деп алсак, жетүү убактысы 70 наносекунда болгон эске 2500 эсе тез жетүүгө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4