Этек кармашмай

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 6—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер аянтча, талаа.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Карышкыр» жана «эне» шайланат, калгандары «эненин» этегин кармашкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Карышкыр» чабуул жасап этек кармашкан оюнчуларды бирден тутуп алууга аракеттенет, «эне» болсо аларды «карышкырдан» коруйт, «Карышкырга» кармалган оюнчулар оюндан чыгышын, акыркы оюнчу кармалгыча күтүшөт. Акыркы оюнчу кармалгандан кийин башка «карышкыр» жана «эне» шайлашып оюнду кайрадан башташат. Ошентип каалаган убакытка чейин уланат. Аз убакытта кеп оюнчуларды кармаган «карышкыр» оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Карышкырды» урууга, тебүүгө, түртүүгө, кармалган оюнчуларга кайрадан оюнду улантууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]