Этек тепсемей

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар этектерин артка жайышып, малдаш урунуп тегерек болуп отурушат да оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бутуна шарт туруп кетүүгө аракеттенсе, оюн жетекчиси алардын жайылган этектерин тепсеп, ордуларынан тургузбоого шашылат. Бутуна турганы, оюн жетекчиси менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан баштала берет. Оюн алар каалаган убакытка чейин уланат. Жетекчинин ролун жакшы аткарган катышуучу оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этектерин жыйнап отурууга, бир бирине жардам берүүгө же тоскоолдук кылууга, оюн жетекчисин түртүп жиберүүгө уруксат берилбейт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулар бир бирине жакын отурушу керек.

Оюндун мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлык калыптанат. Тартипке, ар кандай эрежеге көнүүгө үйрөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]