Этерификация

Википедия дан

Этерификация (грек тилинен aither — эфир жана лат. facio — жасоо) — к-та менен спирттер татаал эфирлерин алуу реакциясы:

RСООН + R’ОН = RСООR’ + Н2O.

Реакция кайталанма. Теңдештик орун алышына спирт жана к-та касиеттери

ж-а теңдештик конц. таасир берет (Э. ). Э. чегине жетүү ылдамдыгына температура жана катализаторлор таасир берет (күчтүү к-та жана анын ангидриди). Эфир алынышын жогорулатуу үчүн сууну реакциялык чөйрөдөн бөлүп туруу зарыл. Ал үчүн суу менен азеотроптук аралашма берүүчү заттар кошуп, азеотроп катары сууну бөлүп алат. Биринчилик спирттер Э. оңой, үчүнчүлүк спирттер Э. начар өтөт. Э. жандуу клеткаларда дагы жүрөт, мисалы, нуклеин кислоталарында татаал эфирдик байланыш пайда болушу. Татаал эфирлер гидролиздөө реакциясы самындантуу деп аталат. Э. татаал эфирлер синтездөөдө кенири колдонулат (к. Этилацетат, Амилацетат жана Изоамилацетат).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]