Этимон

Википедия дан

Этимон (грек. etymon) - сөздүн алгачкы мааниси жана формасы.

Этимон табуу - этимологиялык изилдөөнүн эң негизги максаты. Сөздүн баштапкы маанисинин жоюлушу деэтимологизациянын натыйжасында, т.а., фонетикалык өзгөрүүлөрдүн негизинде бир уңгулуу сөздөрдүн байланышынын үзүлүшүнөн ("алтыгана" - тикен сыяктанган бүчүрлөрү бар, алтын түстүү, жалтырак кабыктуу бадал.

Анын аты түсүнө жараша берилген. Алтын деген сөзгө гана мүчөсү уланганда уңгунун аягындагы н тыбышы түшүп, алтыгана болуп калган); семантикалык байланыштардын жаңыдан түзүлүшү (чакча - чак - ча бөлүктөрүнөн турат. Чак уңгусу иранча шах "мҮйҮз" деген сөзгө туура келет, ага түркчө кичирейтүүчү -ча мүчөсү уланып, чакча сөзү келип чыккан. Алгач чакча сөзү мүйүзчө дегенге барабар маани берген. Кийин андай түз мааниси унутулуп, насыбай салгычты туюнтуп калган. Мурдагы чакчалар мүйүздөн жасалса, азыр насыбайды ар кандай материалдан жасалган идиштерге салат. Бирок алар чакча атала берет.); кээде татаал сөздөрдүн жаңы бөлүктөргө бөлүнүшүнөн (казанбак- көчүп конгондо казан сынбасын жана булганбасын үчүн аны талдан согулган себетке же капка салып койгон. Ал идиш казан кап аталган. Кийин бул эки сөз биригип, кап сөзү метатезаланып, бак болуп өзгөргөн. Натыйжада казанбак сөзү келип чыккан).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4