Этномаданий билим берүү

Википедия дан

Этномаданий билим берүү – эне тили жана маданий салттарга үйрөтүү, ошондой эле дүйнөлүк маданий салттарга байыр алдыруу аркылуу инсандын этномаданий адептүүлүгүн сактоо, өнүктүрүүнү көздөгөн таалим-тарбия. Кыргызстандын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде этнопедагогика билим берүү боюнча теориялык негиздемелер жана методикалык көрсөтмөлөр «Кыргыз мектептеринде сабак билим берүүнүн концепциялары» (1994), «Маданиятка шайкеш таалим-тарбия» (1995) сыяктуу расмий документтерде орун алган. Аталган концепцияларга ылайык мектептеги, айрыкча гуманитардык багыттагы сабактардын окуу программалары, окуу китептери улуттук-маданий баалуулуктардын негизинде кайра иштелип чыккан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004