Эфемерлер

Википедия дан

Эфемерлер (гр. ephemeros - бир күндүк, кыска мөөнөттүк) - көбүнчө чөл. жарым чөл, чанда талаада өсүүчү бир жылдык өсүмдүктөр.

Алардын вегетания мезгили өтө кыска, жаз жана күз убагындагы топурактын нымдуулугуна байланыштуу. Эфемерлер кургакчылыкта өсүшүн токтотуп, нымдуу мезгилде кайра вегетациясын улантат. Эки топко бөлүнөт. Кадимки Эфемерлер жазында өнүп, 1,5-2,5 айда өсүшүн толук аяктайт. Мелүүн аймактарда жылына бир нече түшүм берет. Күздүк Эфемерлер кышында кар астында кыштап, жазында вегетациясы башталат. Кар аз түшкөн жылы күздүк Эфемерлердин вегетациясы кышында да жүрө бериши мүмкүн

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.