Эфемероиддер

Википедия дан

Эфемероиддер (ephemeroida) - вегетациясы күз, кыш, жаз мезгилине туура келген көп жылдык өсүмдүктөр.

Эрте жазда гүлдөп, жайында жер үстүндөгү бөлүгү куурап, жер астындагы (пияз, түп, түймөк), азык тамырлары калат. Ариддик облустарда өскөн Эфемероиддер (маядалактын түрлөрү, ыраңдар, жылгандар) 2-3 айдан 7-8 айга чейин, айрыкча жазында жакшы өсүп, вегетация мезгили жүрөт. Токой-талаа Э-дин вегетациясынын узактыгы 2 ай созулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4