Эффузия
Көрүнүш
Эффузия (лат. effusio - ташкындоо, туш-тушка агып чыгуу) — суюк лаванын (магманын) жер үстүнө жайылып агып чыгуу процесси.
Жер бети менен аккан лава сууп, катып, лава кыртышын жана лава агымы түрүндө жаткан эффузия тоо тектерин пайда кылат.
Түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Терминалдык (башкы кратерден агып чыккан),
Субтерминалдык (башкы кратерге жакын жайгашкан өзөктөн агып чыгат)
Латералдык (жанар тоонун капталынан агып чыгат).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4