Эчки эмээрлер

Википедия дан
Varanus varius.

Эчки эмээрлер (Varanidae) - ири кескелдириктер тукуму.

Эң ири Эчки эмээрлердин уз. 3 мте жетет; демейде 1 мдей. Башы майда мүйүз калканчалар, денесин тегерек түрпүлөрү менен капталган. Тили узун, учу ачалуу. Азыркы 1 уруусу, 24 түрү, тропик жана субтропикте, кургакта жашайт, сууда жакшы сүзөт. Жумуртка тууйт, эти желет, териси бут кийим ж. б. жасоодо колдонулат. Борбордук Азиянын чөлдүү талаасында кенен таралган. Күндүзү күн жылууда активдүү болуп, кемирүүчүлөр, кескелдириктер, канаттуулар жана алардын жумурткалары ж. б. менен азыктанат.

Азыркы учурда Кыргызстандын түштүгүндө Түркстан тоосунун этегиндеги адырларда: Алма-Ата, Караташ, Сары-Тоо, Ак-Таш, Түзбел, Алай, Фергана, Бабашата жана Атойнок тоолорунун кургак этегинде, чополуу жерлерде, Үч-Коргонду ТашКөмүрдүн жарым чөлдүү, чополуу жерлеринде жашагандары байкалган. Бир жылда бир гана жолу 6-10го чейин жумуртка тууйт. Жарым чөлдүү жерлердин өздөштүрүлүшүнө байланыштуу жана алардын терилеринин кымбат баалуулугуна карата, көп жерлерден бул түр жок болуп кеткен. ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4