Эшме жипти байлоо

Википедия дан

Бир нерсе тигүүдө жип ийне же шибеге өткөн жерден өтүп кетпей такалып калсын үчүн учу түйүлөт. Ал түйүн деп аталат. Чие байлоо сыяктуу байлоонун түрлөрү пайда болгон. Алар ыңгайына жараша колдонулган жана керегине жараша өздөштүрүлгөн. Мисалы, бут кийимдин боосу илмек байланат, анткени аны кайра чечкенге оңой болот. Казык баш чалып байлоодо да илмек болот. Мында жип оңой чечилет. Ал эми атты үч буттап, отко койгондо чылбыр аттын арткы бутуна күрмөп байланат. Күрмөп байланган түйүн эч качан өзүнчө чечилип кетпейт. Анда да учу илмек болот, кол менен кайра оңой чечилет ж.б. Ошентип, көчмөндүү турмушка байланыштуу жипти байлоонун ар кандай ыкмалары өздөштүрүлө баштаган.

Бара-бара жиптен өрүп, эшик, түйүп буюм жасоону үйрөнө башташкан. Жоондугу, узундугу, чыйратылышы, челдениши, текшилиги, чыйрактыгы, бышыктыгы — оңуп кетпеши аркылуу жиптин сапаты өлчөнөт. Жиптин чыйрактыгы жана бышыктыгы — бири-биринен ажырагыс касиет. Эгер жипти чойгондо кайра жыйрылса, анда ал жип бышык, мындай жиптин сыны бузулбай, узак мезгил көөнөрбөйт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)