Эшпаев Токон
Эшпаев Токон (1950-ж. т., Кара-суу району) - обончу, ырчы.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ош мамлекеттик педагогика институтунун музыкалык факультетин бүткөн.
Ош обл. маданият үйүнүн директору, ички иштер бөлүмүндө маданият боюнча орун басар, 1987-1992-ж. обл. филармониянын директору болуп иштеген.
70-жылдардан тартып ааккордеондун коштоосунда обон чыгарат, өзү аткарат. «Эжеке», «Акма-ным», «Өзгөчөм», «Керметоо жылдыздары», «Гүлдө, Кыргызстан»,«Жаштык», «Чакырат Чаткалым»,«Ардагым», «Каалаймын өмүр көктөмүн», «Милиция доордун сакчысы»ж. б. обондору бар. Өкмөттүк жана коомдук уюмдардын, мекемелердин сыйл. менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.